Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Манас" аэропортунун жүргүнчүлөрү 9 айда 61,3 пайызга төмөндөдү

26.11.2020 16:02
866
"Манас" аэропортунун жүргүнчүлөрү 9 айда 61,3 пайызга төмөндөдү

"Манас эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун жүргүнчүлөр агымы Ковид- 19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 9 айында 61,3 %га төмөндөдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.


"Манас эл аралык аэропорту"  үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгын чыгарды. Коронавирус жугуштуу оорусу компаниянын ишин үзгүлтүккө учуратып, ички жана эл аралык багыттагы каттамдардын саны жана жүргүнчүлөр агымынын азайуусуна алып келди.


Ковид-19 пандемиясына байланыштуу "Манас" аэропортунун жүргүнчүлөр агымы былтыркы жылга салыштырмалуу 2020-жылдын январь айынан тартып, сентябрь айына чейин 61,3% төмөндөдү. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бардык ички жана эл аралык багыттагы туруктуу каттамдар токтотулган. Гуманитардык жүктөрдү жеткирүү жана жарандарды эвакуациялоо үчүн гана каттамдар аткарылып турган.


"МЭА" ААКнын аэропортторунда 9 айдын ичинде 1 млн 49 миң 667 жүргүнчү тейленди, былтыр 2019-жылкы көрсөткүч 2 млн 714 миң 706 жүргүнчүнү түзгөн. Мындай төмөндөө коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн чек аралар жабылып, чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу деп айтууга болот.


9 айдын жыйынтыгы менен эл аралык жүргүнчүлөрдүн саны 67,1%га тактап айтканда 608 миң 380 жүргүнчүгө төмөндөдү, былтыр 1 млн. 846 миң 840 жүргүнчү тейленген. Ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымы 49,2%га - 441 миң 287 жүргүнчүгө азайган, былтыр 867 миң 866 жүргүнчү тейленген.


 Белгилей кетүүчү нерсе, учуулар жай мезгилинен тартып аз-аздан калыбына келтирилип баштаган. Июнь айында Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча ички каттамдар жандандырылган. Август айынан тартып, Бишкектен Түркияга жана БАЭге каттамдар ачылып, күз айларынан тартып, Бишкектен Россия, Казахстан, Өзбекстанга чектөөлөр менен каттамдар ачыла баштаган.


 Бүгүнкү күндө, "Манас" эл аралык аэропортунда Москва, Дубай, Стамбул, Алматы жана Ташкент сыяктуу эл аралык багыттагы, ошондой эле ички багытта Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына каттамдар аткарылып жатат.

 Эң көп талап кылынуучу учуулар жакынкы чет өлкөгө (Россияга) болгон каттамдар болууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн