Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Манас" бажысынын кызматкерлери товарлардын баасын төмөндөтүү фактысын аныкташты

29.02.2024 17:16
186
"Манас" бажысынын кызматкерлери товарлардын баасын төмөндөтүү фактысын аныкташты


«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери товарлардын баасын төмөндөтүү фактысын аныкташты.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, «Э.Б.Т.» ЖЧКнын дарегине АКШдан «топурактарды, таштарды, рудаларды сорттоочу, жуучу, майдалоочу, аралаштыруучу жабдуулары келгендиги аныкталган.

Бажы контролун жүргүзүүдө эсеп-фактурада көрсөтүлгөн товарлардын бажы наркы 108 миң 900 долларга төмөн баалангандыгы аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы туумдарды кошкондо 1 336 043 сомду түзгөн.

Факты КБР АДС МКЖга катталып, материалдар негизи боюнча каралышы үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн