Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:57
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

"Манас" эпосу боюнча эртеби-кечпи кино тартылышы керек эле...

28.07.2021 13:35
1371
"Манас" эпосу боюнча эртеби-кечпи кино тартылышы керек эле...


Азыр талкууга алынып жаткан кинонун даярдык иштери шашылыш башталгандай. Демейде жөнөкөй киного жарым жыл даярданабыз. Эпоско бери дегенде бир жыл даярданып башташ керек. Атайын костюмдар тигилиши керек. Театрларда, башка жерлердеги прокатка берген даяр костюмдар жарабайт. Ошого жараша декорация, реквизиттер даярдалышы керек.


Бул теманын техникалык жагы гана. 

...

Негизги маселе, мамиледе. Команда, продюсер, режиссёр тарта турган темага сүңгүп кириши керек. Ыйык нерсеге жеңил олтоң иш кылуу болбосун баары эле түшүнүп турса керек.

...

Көп эл, манасчылар, чыгармачыл инсандар, Кинематографисттер, жөнөкөй кардарлар иштин туура эместей кетип баратканын айтып жатат.


Негизи, тасманын тартылышы өзү жакшы нерсе. Колдоого арзырлык. Мамлекеттин катышуусу жок, жеке акчага тартылып жаткан долбоорго кожоюндун өз эрки, каяктан кулак чыгарса.


Эми, айта турган нерсе, Кудай колдосун.


Айбек Дайырбеков, кинорежиссёр 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн