Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:58
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Манас" эпосунун күнүнө арналган сынак жыйынтыкталды

07.12.2022 09:44
1472
"Манас" эпосунун күнүнө арналган сынак жыйынтыкталды

“Манас” эпосунун күнүнө карата Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясынын базасында 1-11-класстар арасында “Айкөл ааламы - Манас” кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, сынакка Биринчи май районундагы 6 мектеп катышты.


1-орун - №78 мектеп;

2-орун - №49 мектеп;

3-орун - №28 мектеп.


Сынак “Манас” эпосу жөнүндө КР мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор калаанын жаш балдары жана кызматкерлери арасында жайылтуу, жаштарды идеологиялык чөйрөгө тартуу максатында өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн