Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Манас" үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет-ачар аземи өттү

10.08.2022 11:17
1229
"Манас" үчилтигинин англис тилине которулган  китебинин бет-ачар аземи өттү



Бүгүн, 9-августта А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында Америка Кошмо Штатынын жараны, Монтана Мамлекеттик Университетинин магистранты, Акылай Байматованын Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча "Манас"  үчилтигинин англис тилине которулган  китебинин бет-ачар аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов , Кыргыз улуттук «Манас» театры директору Азиз Биймырза Уулу , белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты.


 Бет ачаардын жүрүшүндө "Манас" эпосунун бүгүнкү күндөгү орду, аны даңазалоо жана сактоого мамлекеттик деңгээлде көрүлүп жаткан камкордуктар, ошондой эле  эпостун чет тилдерге которулуп китеп болуп  жарык көрүшү #Манас эпосуна болгон  кызыгуу көп жана аны сактоого тиешелүү деңгээлде  мамлекет тарабынан колдоо бар  экенин Азамат Жаманкулов белгилеп өттү.


Мындан сырткары, Азамат Жаманкулов манасчылык өнөр менен бирге аны изилдөө иштерине кызыккан окумуштуулардын саны өсүп жатканын айтып, мындай кадам менен эпосту даңазалоо иштерине салым кошуп жаткан бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.


Иш-чаранын алкагында  англис тилинде манас айтылып, коомчулуктун кызыгуусун арттырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн