Бугу 23, 2025
Убакыт: 06:24
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

"Манас" университети онлайн окутуу режимине өттү

11.01.2022 10:48
1328
"Манас" университети онлайн окутуу режимине өттү

Кыргыз-түрк "Манас" университети өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу онлайн окутуу режимине өттү. Бул тууралуу маалымат университеттин  социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.


 "Кыргызстанда COVID-19 инфекциясына кабылгандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу университетибиз 2022-жылдын 11-январынан тарта аралыктан (онлайн) окуу режимине өтөт. 


 Эпидемиялогиялык кырдаал калыбына келгенге чейин бардык сабактар жана сынактар ​​онлайн уланат.

 Жатаканаларда жашаган кыргызстандык студенттерибиз үйлөрүнө жөнөтүлүп, башка өлкөлөрдөн келген бардык студенттерибиз тесттен өтүшөт. Тесттин жыйынтыгына жараша студенттер карантинге алынат",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн