Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өзүнүн клиникалык базасы бар медициналык факультет ачуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
12-январда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болуп, ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев менен жолугушту. Делегация окуу процессин уюштуруунун даярдыгы менен таанышып, окуу корпустарын, медициналык борборду жана университеттин лабораторияларын кыдырышты.
Жолугушууда тараптар ошондой эле медициналык билим берүү жана лабораториялык-диагностикалык кызмат көрсөтүү жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине дары-дармек түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Манас университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан эки өлкө ортосунда мурда кол коюлган келишимге ылайык, университет клиникасы бар медициналык факультет ачууну пландап жаткандыгын билдирди. 2018-жылдын 2-сентябрында Түркия Республикасынын Президенти Р.Т. Эрдоган расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип, эки өлкөнүн Президенттери медициналык факультеттин жана клиниканын имараттарынын курулушуна капсула салышкан. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде клиникасы бар медициналык факультеттин ачылышы ооруларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап технологиялардын агымын камсыз кылат, ошондой эле медициналык билим берүүнү уюштуруу жана башкаруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны жана медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүн камсыз кылат. Жаңы кесипкөй адистер жана заманбап шаймандар менен жабдылган университеттин клиникасы Кыргызстандын жарандарына чет өлкөгө дарыланууга баруу зарылчылыгына альтернатива катары квалификациялуу дарылоо кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздай алат. Курулуш иштерин эртерээк баштоо үчүн факультеттин жана клиниканын параметрлери боюнча чечимдерди иштеп чыгуучу өкмөттөр аралык комиссия түзүү талап кылынат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча университеттин Камкорчулар кеңеши сметалык баасын бекитет жана курулуш иштери үчүн керектүү каражаттарды бөлөт, ал эми университеттин администрациясы керектүү курулуш иштерин уюштурат. Бул Кыргызстанда батыштын медициналык билим берүү моделине негизделген өзүнүн клиникасы бар медициналык факультетин түзүү тажрыйбасы болот», - деди Алпаслан Жейлан.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиев окуу процессин уюштурууга даярдыктын деңгээлин, университеттин профессордук-окутуучулук жамаатын жогору баалады. “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул маселенин эртерээк оң чечилишине кызыкдар жана аны ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөт. Эл аралык стандарттарга жооп берген өзүнүн клиникасы бар медициналык факультеттин ачылышы калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берет, ошондой эле адистерге тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз», - деди министр. Ошондой эле, Түркия Республикасынын Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, жолугушууда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жетекчилиги жакынкы аралыкта алардын базасында ПЧР анализин жүргүзүү пландаштырылып, учурда лабораториялык жабдыктар орнотулуп жаткандыгын белгиледи. Керек болсо, алар Кыргызстандын калкынын социалдык аялуу катмары үчүн ПЧР анализин жүргүзө алышат. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тиешелүү адистери менен тыгыз байланышта иштелип чыгат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн