Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Манчестер Сити" тарыхында алгачкы жолу Чемпиондор лигасын утуп алды

11.06.2023 06:08
1253
"Манчестер Сити" тарыхында алгачкы жолу Чемпиондор лигасын утуп алды

10-июнда Стамбул шаарында "Олимпиада" стадионунда Европанын эң мыкты делген эки клубу Чемпиондор лигасынын финалында кез келди.


Англиялык "Манчестер Сити" менен Италиянын "Интер" клубу ортосунда өткөн кызыктуу финалдык беттеште англиялыктар мөөрөйдү утуп кетишти.

Оюндун 68-мүнөтүндө Родринин соккусу таамай болуп, "шаардыктар" алдыга чыкты. Ошентип, "Манчестер Сити" өзүнүн тарыхында биринчи жолу Чемпиондор лигасынын ээси болуп калды.


Ошондой эле Пер Гвардиоланын командасы быйылкы сезондо Англия кубогун, Премьер-Лиганы жана Чемпиондор лигасын утуп, алгачкы жолу требл жасаган клуб болуп калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн