Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Медиа центр" айымдарды эл аралык күнү менен куттуктайт

08.03.2022 08:15
671
"Медиа центр" айымдарды эл аралык күнү менен куттуктайт

Бүгүн, 8-март жаз менен кошо келген айымдардын эл аралык майрамы. 

Бул майрам мээрим, жылуулук, назиктик жана кайраттуулуктун символу.


Бүгүнкү Эгемендүү Кыргызстандын пайда болушуна эчендеген эрлерди тарбиялаган энелердин жана кайраттуу, баатыр жүрөк апалардын салымы зор.


Аялдар коомдун тарбиячысы. Энелер күчтүү, эрктүү, мекенчил уул-кыздарды тарбиялап урпактын уланышына, жаңы тарых беттерин жаратууга мыкты салымын кошуп келет.


Урматтуу айымдар!

"Медиа центр" мультимедиалык маалымат агенттиги сиздерди 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайт.

Сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн