Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:22
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Медиа центр" агенттигинин жамааты кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайт

21.03.2021 08:46
1197
"Медиа центр" агенттигинин жамааты кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайт

"Медиа центр" мультимедиялык-маалымат агенттигинин жалпы жамааты кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт.


Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы.

Нооруз жаңылануунун, жаңыруунун, жаздын майрамы. Бул учурда табият жанданып, кыш уйкусунан ойгонот, жан-жаныбарлар төлдөп, дарактар бүчүр байлап, көктөм чыгат. Айлана көрккө бөлөнө баштайт. Адам баласы да табият менен кошо шаттанып, маанайы көтөрүлүп, жашоого жаңы үмүттөр менен байланат.

Нооруз теңдиктин, тең бөлүшүүнүн, ынтымактын, кайрымдуулуктун майрамы. Бул касиетин ал табигатта күн менен түн теңелген 21-марттан алат. Бул күнү күндүн жарыгы планетабыздын эки жарым шарына бирдей тиет, ысыгы эки жарым шарды бирдей ысытат. Ата-бабабыз бул теңдикти өз майрам ырымдарына да чагылтып, жаш-кары, бай-кедей, аял-эркек дебей бир казанда сүмөлөк кайнатып тең бөлүшүп жешкен. Сүмөлөктүн негизги азыгы болгон буудайдын бүчүрү да жаңыдан башталган жашоонун символу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн