Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Мекенчил" партиясынын шайлоого катышпашы чоң чатактан арылтабы?

27.02.2021 22:13
1244
"Мекенчил" партиясынын шайлоого катышпашы чоң чатактан арылтабы?

"Мекенчил" партиясы шайлоолорго катышпайт деген чечим менен коомубуз бир чоң чатактан арылдыбы деп калдым... Кеп бул партия бийликтин партиясы катары башкаларга үстөмдүк кылып, айтылып жүргөн административдик ресурсту колдонууга аракеттенип же былтыркыдай  добушту дүңүнөн сатып алышында эмес... 

Менимче мындай коркунуч деле жок  болчу. Кеп "Мекенчил" деп аталган партияга эмгеги сиңип, анын ысык-суугуна чыдап, кандай кыйынчылык болсо кара жандан кечип  митингден митингге катышып, куугунтук жеп, эми болсо жеңишке жеттик деп өпкөсү көөп тургандардын арасындагы  партиялык тизмедеги орундарды талаш, илинип калгандары сүйүнүп, илинбегендеринин жер сабап таарынганы,  "сен кирдиң, мен кирбей калдым" - деп эки-экиден жулкулдашып урушу жөнүндө...

Бул маселе партиянын ички иши эле болбостон, жалпы коомго таңууланып, социалдык түйүндөр менен радио-телевидениенин чаңын ызгыткан чатакка айланып кетиши толук мүмкүн эле деп ойлойм.  Азыр болсо "ач кулактан тынч кулак" дегендей жымжырт эле болуп турат.  Ал эми башкандарга ошончо эле зарыл болсо  "керектүү адамдарды" эч жаңжалы жок эле, таарыныч-чатагы жок эле  жаңы партиянын тизмесине татынакай кылып тизип койсо болот да ... эмгеги бар, эмгеги жок деп башты оорутпай...


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Мекенчил копчулук тааныбаган еле партия еле.Октябрдан бери укмуш партия болду калды Шайлоого катышпаса мучосу башка партия менен кире берет.Елди келесоо ойлобогула да