Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Мигранттар саясий упай топтоону көздөгөндөргө ишенбей расмий маалыматтарды күтүүсү керек"

16.05.2020 12:19
1011
"Мигранттар саясий упай топтоону көздөгөндөргө ишенбей расмий маалыматтарды күтүүсү керек"


Мигранттар оор кырдаалда саясий упай топтоону көздөгөндөргө ишенбей расмий маалыматтарды күтүүсү керек. Мындай пикирин “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов фейсбук баракчасына жазып чыкты.  


Ал кыйын кырдаалда саясий упай топтоону көздөгөн коомдук же саясий ишмерлер чыгып жатканын, алар тизме түзүп учак учурабыз, автобус жалдап чек-арадан чыгарабыз деп ар кандай убадалар менен мигранттардын башын айлантып жатканын жазган.  Бирок баардык өлкөлөрдүн чек аралары жабык болгондуктан мигранттар ара жолдо калып кыйынчылыкка тушугуп жатканын, андыктан расмий маалыматарды күтүүгө чакырган.   


Жеңиш Молдокматовдун билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз: 


"Урматтуу мекендештер!

Ар бир учурда калыс айтуу атуулдук милдет болуп саналат. Андыктан, миграция маселесин жакындан билген адам катары баса белгилеп, ачык айтып коюну туура көрдүм.

Аты жаман илдет бүтүндөй дүйнөнү каптап, бардык мамлекеттер болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болушту. Биз эле эмес, экономикасы кубаттуу державалар көзгө көрүнбөгөн вируска тизе бүгүшүп, эл аралык эксперттер илдет менен күрөштү, "3- дүйнөлүк согуш" менен теңешти. Мамлекеттерде өзгөчө кырдаал киргизилип, чек-аралар жабылды.

Дал ушул учурда сыртта калган мекендештер мекенине кайта албай, кыйын күнгө кептелишти. Өзгөчө оор күндөрдү Орусиядагы биздин мекендештер баштарынан көп сыноолорду өткөрүп жаткан учуру. Тактап айтканда, Оренбург, Новосибирск, Москва, Иркутск ж.б. аймактарда, шаарларда калган журтташтардын акыбалы чынында абдан оор.

Тилекке каршы, оор кырдаалдан пайдаланып, саясий упай топтоо максатын көздөгөн коомдук же саясий ишмерлер чыгууда. Тизме түзүп учак учурабыз, автобус жалдап чек-арадан чыгарабыз дегендер көбөйдү. Бүгүн жалгыз РФ эмес, Казак Республикасынын мамлекеттик чек-аралары жабык. Андыктан, ар кимдин сөзүнө кирбестен, расмий булактардан маалыматты күтүү зарыл. Болбосо жолдо калып, кыйналгандар көбөйдү. Өзгөчө аял кишилер менен кичине балдарга убал.

Эл эмнеге тынч эмес? Эмне себептен чек-арага келип, кыйналууда?

1. Чечимдин бардыгы борбордон кабыл алынат. Андыктан, миграция маселесине жооптуу мамлекеттик органдар (ТИМ, Миграция кызматы, Билим берүү министирлиги (студенттер боюнча), Туризм министирлиги (туристер боюнча), Транспорт министирлиги, Парламенттин тийиштүү профилдик комитеттери эмнеге унчукпайсыңар? Өзгөчө социалдык маселелер боюнча комитет жана бюджеттик комитет кайдасыңар? Баса белгилеп, Эл аралык байланыш комитетинин төрагасы Пирматов Исхак Айтбаевичке, укук жана тартип комитетинин төрайымы Никитенко Наталья Владимировнага ыраазычылык билдирем. Эки комитеттин кошмо жыйынында өткөндө оорчундуу маселелер каралып, өкмөт иштей баштады. Азыркыга чейин экөөнүн тынымсыз аракеттери көрүлүүдө.


2. Эмнеге брифингге чыгып, так маалымат бербейсиңер?


3. Эмне себептен өзүңөр караган каражатты толук бөлбөйсүңөр?


4. Эмнеге жер-жерлерде жоопкерчиликтери чектелген элчиликтерге милдеттерди жүктөп коюп, маселеден четтейсиңер?


Силерге суроолор абдан көп!!! Учуру келгенде жооп бересиңер!!!


Оруссиядагы бүгүнкү кырдаал:


Бүгүн, Орусия боюнча эки гана мамлекеттин элчиликтери карантинде жабылбастан иштерин улантууда. Алар, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги жана Арменияныкы. Мисалы: Өзбекстандыкы апрелдин башында эле "бир кызматкер илдет жуктурду"- деп дароо карантинге жабылган.


Орусияда биздин 1 млндон ашык журтташыбыз болсо, элчиликтин 25 гана кызматкери бар. Карантин башталган күндөн тарта, Кыргызстандын элчиси Жекшенкулов Аликбек Жекшенкулович менен Оруссиядагы диаспора мүчөлөрү, активистер эбегейсиз чоң иштерди аткарып келишүүдө. Өз ден-соолугун, өмүрүн тобокелге салып, мекендештерге жардам берүү максатын көздөгөн активистердин көбү илдет жугузуп, реанимацияга жаткан учурлары бар.


Андыктан, урматтуу мекендештер, биртуугандар, бирбоорлорум!

Азыркы оор кырдаалда бири-бирибизге тирек болуп, бул апаатты жеңип чыгуу баарыбыздын милдетибиз! Аз күн калды. Кайраттуу бололу!

Кечээ күнү Орусиядан 147 жараныбыз учуп келди, 17-майда 400 мекендешибиздин келиши күтүлүдө. Жакынкы күндөрү дагы учактардын болушу күтүлүүдө. Өзгөчө жаштар, учактар коюлганда алгач айымдарга, энелерге, кош бойлууларга, ооругандарга кезек берүүңөрдү суранам! Жигиттер чыдап, кийинкисин күтсөк болот.

Ачык айткан сөзүм үчүн мени сынга алып, менден ачууңарды чыгарып алыңыздар! Бирок, сиздерге кызмат кылган адамдарды, өзгөчө активистерди жаман көрбөңүздөр деп суранам! Алар дагы кыргыздын уул-кыздары.

Кыргыздын башынан эмне гана өткөн эмес, бул күндөр дагы өтөт Кудай буйруса!

Жаратканым бизге жакшылыгынан насип кылып, элибиз аман болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен,

уулуңар Жеңиш Молдокматов


P.s.:Карантин башталган күндөн тарта кимге жардам бере албай калсак, ийилип кечирим сурайбыз!", - деп жазган саясатчы фейсбук баракчасына.  

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мигрант
Жениш Мадумаровго окшогон популисттерди ордуна койгулачы. Ошол булбул бизди тажатты кыпчыла берип