“Не сахар” долбоорунун автору Эрулан Көкүлов Нарын ОИИББга күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.
Ал Нарын облусуна барганда тамак-аш өндүрүүчү фирмалардын биринин мөөнөтү өтүп кеткен, товарларды сатканын айтып чыккан. Анын айытымында, ушул себептен күбө катары чакырып жатышат.
Эске салсак, долбоордун автору коомдук жайлардагы азык-түлүктөрдүн сапатын текшерип, видео аркылуу калың элге жеткирип турат. Анда санитардык эрежелер сакталбаган көрүнүштөр көпчүлүктүн кыжырын кайнатып келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн