Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Окуган депутаттар аз болду": Исхак Пирматов 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды

07.08.2020 17:20
1398
"Окуган депутаттар аз болду": Исхак Пирматов 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып, аткарган жумуштары боюнча элге отчет берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган. 


Анын айтымында, 5 жылда пландалган иштердин бир тобу аткарылып, бир тобун аткарууга үлгүргөн жок.  


"Мага ишеним көрсөтүп, шайлаган элиме отчёт берип коюу милдетим деп билем! 5 жылда эмне иш кылдым, кандай мыйзам чыгардым, ал реалдуу турмушта иштеп жатабы, иштесе элге пайдасы тийип жатабы? Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык маянаны кайсы ишим үчүн алып жүргөнүмдү шайлоочуларым билиш керек деп эсептейм. 5 жылда пландалган иш-чаралардын бир тобу ишке ашып, бир тобуна үлгүрбөй калдык.


Өзгөчө өкүндүргөндөрдөн: “Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ( “Ички миграция жөнүндөгү” мыйзамга, Жарандык кодекске, Салыктык эмес кирешелер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамымдын аягына чыкпай калганы. “Прописка” деген эски бюрократиялык балекеттен айрылганыбызда элибиздин жашоосу кыйла жеңилдемек. Биринчи окуудан араңдан зорго колдоо таап, экинчи окууда тоңуп, жылбай туруп калды. Себептери аябагандай өкүнүчтүү: биринчиден, тилекке каршы, көптөгөн барактан турган татаал мыйзам долбоорлорду окуган депутаттардын саны чектелип, азчылыкты түзүп калганында. Маңызын түшүнүш үчүн окуп чыгыш керек. Юридикалык терминдердин маанисин билиш керек жана башка көптөгөн талаптар, жагдайлар бар. Муну менен эч кимге доо келтиргим келбейт, болгону себептерин айткым келди.


Экинчиден, коомдук пикирди башка нукка буруп коюу дагы азыркы заманда оңой болуп калды. Жогоруда айткандай, мыйзам долбоорун толук окубастан өзүнө керектүү жерлерин контексттен жулуп алып чыгарган айрым “блогерлер” же маалымат булактары да жок эмес. Андай мисалдар көп эле болду. Менин жана көптөгөн кесиптеш депутаттардын дагы жакшы демилгелери өтпөй калууда.


Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жылдык кирешеси тууралуу декларациясын тапшырган маалда кирешеси же мал мүлкү тууралуу маалыматты жашырып же бурмалагандыгы үчүн жоопкерчилигин кескин жогорулатуу боюнча мыйзамым дагы колдоо тапкан жок... Анан кантип коррупция менен күрөшөбүз?


Эми үмүттүн баары кийинки чакырылышта. Билимдүү, болгон убактысын негизги жумушуна арнап, мыйзам чыгарам деген адистер келет деп үмүттөнөм. Албетте, баарыбыз үмүт менен жашайбыз. Бирок бир нерсени өзүбүз түшүнүп жыйынтык чыгармайын эч качан оңолбойбуз. Ошол окубаган, иштебеген депутаттарды өзүбүз шайлап жатабыз! Анан 5 жыл тынбай тилдейбиз! Соңку күндөрү эл аралап, өзгөчө элетте болуп жаткан иштерди көрүп аябагандай капаланып, оор ойго баттым. Өзгөчө жаштардын маанайы ойлондурду. Кайсы жакта болбосун “ким канча берет экен?” деген сөз.


Партиянын аталыштары, программасы, кандидаттын түсү, таржымалы, таптакыр кызыктырбаганын көрүп түңүлөсүң. Албетте, мындай караңгылык, сабатсыздыктын калыптанып калганына 30 жылдан берки мамлекеттин жүргүзүп келген саясаты, билим берүү системасынын талкаланышы - негизги себеп. Бирок, азыркы интернет заманында жаштардын колунда смартфон туруп, аны өзүнүн дүйнө таануусуна, билимин жогорулатуусуна жумшабай, “одноклассники” менен “инстаграмга” болгон убактысын коротконун көрүп зээниң кейийт. Дагы эле добушубузду эки тыйынга сатып келечегибизди алдырып жатканыбызды качан түшүнөбүз?


Ар бир мыйзамдын артында далай уйкусуз түндөр, агарган чачтар, калыптанбаган нерв клеткалары калды. Баса, “бизге эмне кылып берди” деген түшүнүктөн арылмайын деги эле оңолбойбуз деп ойлойм. Депутат, андан беш бетер талапкер эч убакта, эч кимге, эч кандай жагдайда, өз чөнтөгүнөн эч нерсе кылып бербеши керек. Акчалай жардам берип бардыгынын көңүлүн алуу мүмкүн дагы эмес. Ал анын милдети да эмес.


Депутаттын милдети - элдин жашоосун байыткан, жеңилдеткен мыйзамдарды демилгелеп, анын иштешин аткаруу бийлик бутагынан талап кылып, көзөмөлдөп алуу! Кайрымдуулук кылса унчукпай, Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн, ыйманы бекем болсо кийинки жашоосун ойлоп жасайт! Башка учурда бул “подкуп” болот. Сатып алган адам кеткен чыгашасын толукташ үчүн мамлекеттин казынасына кыйыр же түз түрдө кол салат. Сатып алган шайлоочуларына карыз, милдеттүүлүк сезими болбойт. Ушул жөнөкөй аксиоманы өздөштүрүш үчүн дагы канча убакыт, канча муун алмашыш керек?", - деп жазган И.Пирматов. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн