Улуу Британияда коронавирустун омикрон штаммын жугузуп алган адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон билдирди.
""Омикрон" штаммын жугузуп алган жарандар ооруканага түшкөн. Алардын арасынан бир адам каза болду. Бул "омикрон" жугузуп каза болгон алгачкы учур",- деди Жонсон.
Ошондой эле, премьер-министр коронавирустун бул штаммы өтө тездик менен жайылып жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн