Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Ооганстандагы кырдаалдан башка өлкөлөр сабак алышы керек"

29.08.2023 17:07
486
"Ооганстандагы кырдаалдан башка өлкөлөр сабак алышы керек"


Ооганстандагы учурдагы абал, гуманитардык кризисти чечүү аракеттери жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири тууралуу БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Ооганстанга жардам берүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева "Азаттыкка" маек курду.

- Роза Исаковна, студиябызга кош келдиңиз, саламатсызбы. Ооганстанда бийлик Талибан кыймылынын колуна өткөнүнө эки жыл болду. Сиз Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Ооганстандагы атайын өкүлү, БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын башчысы катары иштей баштаганыңызга дээрлик бир жылга аяк басып калды. Алгачкы суроом, учурда Ооганстандагы абал кандай? Коопсуздук боюнча өтө чоң бир топ кабатыр кылган кабарлар келип жатат. Сиз ал жерде иштеп жатасыз. Жалпы абал жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз.

- Ырас, кабатыр маанай сезилип турат, анткени согуш токтогонуна аз эле болду. Америка жана НАТОнун аскерлери эки жыл мурун кетип калышкан. Бирок, жалпысынан айтканда, коопсуздук маселеси эл үчүн жакшы эле нукта чечилди. Муну бир эле фактордон байкасак болот. Азыр Ооганстандын туш тарабынан Кабулга, андагы жакшы медициналык клиникаларга эл коркпой барып калышты. Мурун ошол жолдордон эл жүрө алчу эмес экен.

Ооганстан дегенде эле баары талкаланган, эч нерсеси жок деп ойлобош керек. Мисалы, мен барганда алты-жети аэропортту көрдүм. Биринчи класс аэропорттор турат: Кандагар, Мазари Шариф, Герат, Жалалабат - баарында мыкты-мыкты аэропорттор бар. Себеби согуштан кийин деле анын баары керек болчу. Кабул өзү - беш миллиондук өтө чоң шаар. Ал жерде акыркы жыйырма жыл бою америкалыктар болушту эле. Курулуш катуу жүргөн. Көп кабаттуу имараттар толуп жатат.

Ооганстан дегенде эле баары талкаланган, эч нерсеси жок деп ойлобош керек. Мисалы, мен барганда алты-жети аэропортту көрдүм.

Эл каттоо акыркы жолу 1977-жылы болгон экен. Аялдардын отуз гана пайызы сабаттуу.

Мына, биз исламды таанып-билип жатабыз. Бирок аша чаппай, чегин билишибиз керек. Бул биз үчүн сабак болушу керек. Эртеңки күн кандай болорун ойлойлу. Бирөөлөрдү туурайбыз, ошолордун тартиби менен жашайбыз дегендер ойлонушса дейм.

Алардын коомунда байлар менен карапайым жакыр элдин ортосундагы айырмачылыктар асман менен жердей. Элет жериндеги турмуш өтө жупуну. Мен Хост деген жерине бардым (Пактика провинциясы). Ал жерде эки-үч жыл мурун жер титирөө болгон. Таш, чопо менен эптеп курулган кепелер көп экен.

Бирок булардын жетишкендиктери да бар. Соода жагынан Ооганстан бир жагы Иран, бир жагы Пакистан, Орто Азия өлкөлөрү менен алакасын чыңдап жатат, Индия болсо жапжакын. Булар соодага абдан чыйрак, ишкердик жагынан мыкты экен. Согуш бүткөндөн кийин, жаманбы-жакшыбы, экономикасы турукташып жатат. Муну көп өлкөлөр жактырбайт, уккусу да келбейт. Бирок чындыгында экономикасында жылыш бар, биз күбө болуп жатабыз. Дүйнөлүк банктын көрсөткүчтөрү муну тастыктап жатат.

- Бирок талибан бийлиги тыюу артынан тыюу салып, Улуттар Уюмунун миссиясына дагы бир топ жолтоо болуп жаткан учурлары бар. Мисалы, жеке өзүңүз улуу миссиянын башчысы катары, бүгүнкү күндө Кабулда жашоо коопсуз деп айта аласызбы?

- Айрыкча аялдарга каршы булардын тыюулары өтө көп. Ошондуктан бул өлкө көп тараптан кысымга алынып жатат. Талибан дегениңиз - Кабулдагы өкмөтү. Эмир Кандагардан чыкпай койду, эч кимге көрүнбөйт, эч ким менен катташпайт. Бул өкмөттү 190 өлкөдөн эч кимиси тааныбайт. Алар көп ишти эл үчүн жасайлы деп аракет кылып жатышат. Экономикада жетишкендиктер бар. Пакистан менен соода өтө ургаалдуу жүрүп жатат. Азыр Өзбекстан, Түркмөнстан менен алакасы күчтүү. Мына, жакында эле Казакстанга 200 бизнесмен барып келишти.

- Ошол эле учурда талиб бийлиги эл аралык уюмдардын кеңсесин жаап, кыз-келиндердин укуктарын кескин чектеп жатканы, каатчылык маселеси өтө курч турганын билебиз. Гуманитардык абал, ачарчылык маселеси, жөнөкөй элдин абалы жөнүндө айтып өтсөңүз.

- Көп кыйынчылыктары бар, эли жакыр. Биз жыйырма миллион элге тамак-аш таратабыз, гуманитардык жардам көрсөтөбүз, медициналык жардам уюштурабыз. Аялдардын төрөттөн өлүмү, балдардын бир жашка чейинки өлүмү боюнча Азия-Тынч океан регионунда эң оор жагдай ушуларда. Билим жагынан карасаң, жалпы элдин элүү пайызы сабатсыз. Буларда эл каттоо акыркы жолу 1977-жылы болгон экен. Аялдардын отуз гана пайызы сабаттуу.

Аялдарга катуу тыюулар салынган. Булардын "паштумвали" деген салты бар. Түштүк жагында, Кандагар жакта, негизи пуштундар, тажиктер, өзбектер, түркмөн, хазар эли. Өкмөттө баары эле пуштундар жанагы салтты карманышат экен. Ал салт боюнча аялдар жүзүн көрсөтпөй көк паранжы жамынып жүрүшөт. Хиджап кийишет. “Биринчи – Ислам, экинчи – Ооганстан” деген ураан көп кездешет, ошентип тоого да жазып коюшкан. Бул ислам мамлекетинде жакырчылык өтө оор. Бул жагынан жардамды Батыштагылар берип жатат. Башка эч ким бербейт. Анда-санда майрамдарда араб өлкөлөрү кайрылышып калат. Батыш аялдардын укугу сакталсын, кыздарды окуткула деп көмөк көрсөтөт. (Буларда алтынчы класстан кийин кыздар окубайт, университетте окубайт, аялдар жетимиш километр аралыкка чыкканда жалгыз жүрсө болбойт, жанында дайыма коштоочу болуш керек.) Жакынкы күндөрдө аялдарга мончого да барганга тыюу салып коюшту. Гератка барсам, аялдар ыйлашты, балдарыбыз менен мончого бара албай калдык деп.

Мына, биз исламды таанып-билип жатабыз. Бирок аша чаппай, чегин билишибиз керек. Бул биз үчүн сабак болушу керек. Эртеңки күн кандай болорун ойлойлу. Тажикстан менен Өзбекстан бул жөнүндө ойлонушат, чара көрүп жатышат. Албетте, өтө катаал чаралар болбошу керек. Бирөөлөрдү туурайбыз, ошолордун тартиби менен жашайбыз дегендер ойлонушса дейм.

- Сиз июнь айында Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин жыйынында Ооганстандагы талиб өкмөтү, сиз айтып жаткан чектөөлөрдү, кыз-келиндерге каршы кабыл алынган талаштуу чечимдер менен өздөрүнө өздөрү тоскоолдук жаратып жаткандыгын, мындай абал улана берсе талиб бийлигин эл аралык коом тааныбай тургандыгын эскерттиңиз. Бул жагдайды Ооганстандын азыркы бийлик өкүлдөрүнө так кесе айтып келе жатканыңызды да белгиледиңиз. Мындай билдирүүлөргө талиб өкмөтү, башкаруучулары кулак салып жатабы?

- Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясынын атынан мен үч айда бир жолу Нью-Йоркто офистик кеңештин мүчөлөрүнө ушундай доклад берем. Менден тышкары көп элчилер бар. Азыр он беш чакты элчилик кетпей Кабулда иштеп жатат. Батыштын элчилеринин баары Доха жана Исламабад шаарында отурушат, алар келе албайт – коопсуздукту эске алып, өкмөттөрү уруксат бербейт. Мурдагы жылы июлга чейин Кабулда элчиликтер баары болгон экен. Алар көз салып, басым жасачу.

Буларды азыр эч кайсы өлкө тааныбай жатат. Ооганстан экономикалык же социалдык жыйындарга эле эмес, экология боюнча талкууларга да катыштырылбай калышты. Мында сергек акыл менен иш жүргүзүү зарыл. Эмири "Биздин Ислам – өзгөчө Ислам" деп туруп алды. Буларга биз Ислам кызматташтык уюмун тартып, алар менен сүйлөштүрүп жатабыз. Бирок алардын аалымдары дагы эле эң туурасы биздики деп жаңылыш жолдо туруп жатышат.

Биз али көп жолу сүйлөшөбүз. Быйыл Жиддада “Аялдар жана ислам” деген темадагы конференция болот. Ошого да даярдык жүрүүдө. Гуттериш баш болуп, эл аралык коомчулук булар менен тынбай иштеп жатат. Доха шаарында. Ар бир өлкөдө Ооганстан боюнча элчилиги бар. Бизде да Авазбек Абдразаков деген элчибиз бар. Баарыбыз аларга кайсы жеринен, эмне себептен жаңылып жатканын түшүндүрүп жатабыз. Мунун баарын бир күнү түшүнүшөр. Мисалы, адам укугу дегенде, ар кайсы темалар боюнча биз орчундуу баяндамаларды беребиз. Булар болсо кунт коюп окушат, аракет жасашат. Өзгөчө түрмөлөрдө кыстоо, кыйноого кудай да уруксат бербейт, биз да аракет кылалы дешет. Жалаң эле убада менен чектелбей, ишке ашырып жаткандары да бар.

- Ооганстандагы кырдаал жалпы дүйнөнүн, анын ичинен Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгы белгилүү. Мисалы, баңгизат, коопсуздук, терроризмге байланыштуу. Талибдер бийликти колго алган соң, тобокелчилик дагы күчөдү. Дал ушул коопсуздук, баңгизатка байланыштуу маселелеринде дүйнөлүк коомчулук, Борбор Азия эмнелерге азыркы учурда көңүл буруш керек?

- Эсимде бар, биз 1996-1997-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан Ооганстандан апийимдин баары (70-80 пайызы) келип жатат деп айта берчүбүз. Азыр талибандар апийим өстүргөнгө тыюу салышты. Буга эч ким ишенбей койду эле, бирок чынында эле азыр дыйкандар абдан кыйналып турган кези. Спутниктен тартылган сүрөттөрдү карасак, айдоо талааларындагы апийимди өрттөп жок кылып жатышат. Биз, эл аралык коомчулук, ошонун ордуна пайдалуу өсүмдүктөрдү жайылтууга жардам беришибиз керек.

Экинчиден, 38-40 миллиондой эли бар. Ошонун ичинен ар бир сегизинчиси баңги (наркоман) болуп калган. Дары-дармек жоктугунан апийимди элдик табыптар сунуштайт, жумушта чарчабай иштеш үчүн карапайым эл пайдаланат. 8 миллиондой киши баңги, мунун ичинен 1 миллиону – балдар, аялдар. Ошолорду айыктырганга аракет кылып жатышат. Биз ушул жагынан да коомчулуктун көңүлүн буруп, көмөк көрсөткүлө деп чакыруудабыз. Ооганстанда оор көйгөйлөр көп. Жогоруда билим жөнүндө айтып кеттим го. 9 миллион бала мектепке барат, беш миллиону барбай калып жатат. Окуй турган жер жок, мугалимдер жетишпейт. Аял мугалимдер бар, алардын иштешине уруксат берилген, бирок кыздардын окуусуна уруксат бербей, өздөрү кендирди кесип жатышат. Мына беш жылдан кийин эле догдурларды каяктан табабыз, бул улутту ким алдыга баштап кетет деген суроолор турат.

- Эл аралык коомчулуктун, Улуттар Уюмунун сиз айткандай сунуштары, эскертүүлөрүнө карабай, талибан азыркы тапта талаштуу чечимдеринен, кадамдарынан тайган жок. Мындай шартта БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын жетекчиси катары, сиз маселени жайгаруу мүмкүнчүлүгүн каяктан көрүп жатасыз? Ооганстандагы жалпы кырдаалды чечүүнүн кандай жолдору бар?

- Биз чоң командабыз, бир миң киши иштейт. Бюджетибиз 130 миллион доллар. Чоң эле уюмбуз. Жергиликтүү калктан жумушка көп алып жатабыз. Элдин баары билет, биздин миссиябыз көрүнүктүү. Тамак-аш ж.б. жардам сурап көп кайрылышат. Азыркы оор абалдан кантип чыгып кете алат? Алардын талабы: "Бизди мамлекет катары сыйлап, биздин өкмөттү таанысын", - дейт. Биз "Ооганстан деген өлкө жок" деп жаткан жокпуз. Алар БУУга мүчө эң чоң өлкөлөрдүн бири. Бирок азыркы өкмөтүн дүйнө жүзү тааныбай жатат.

Биз дүйнөнүн буларды көрүп-уккан көзү, кулагы болуп отурабыз. Тааныбай жатабыз дегенде, биз бир чечимге келишибиз керек. Булар өздөрүнүн позициясын кайтпай турушат, тыюулар көп. Жакшы жактары да бар, кошуна өлкөлөр менен экономикалык мамиле, соода кылып, катуу иштеп жатышат. Буларга жан да керек, бийлик да керек. Бийликти кармап калалы деп көп аракеттенишет. Куштопе деген каналды угуп каласыңар. Ошол 100 километр каналды өздөрү казып чыгышты. Аму-Дарыядан сууну ошол жакка бурабыз, жаңы жерлерди өздөштүрөбүз деп жатышат. Азык-түлүк жагынан көз каранды болбойбуз деп жатышат. Бул да абдан орчундуу маселе.

Ооганстан дүйнөдөгү климат оор он мамлекеттин катарында турат. Бул өлкөнү жакшы көргөн кишилер менен жолугуп калсам, "ой, ушунчалык кооз" дешет. Мен: "Кайсы жери кооз? Жалаң эле чаң, кум", - дейм. Табигый шарты абдан татаал. Үстүнөн учуп баратсаңыз көрөсүз. Канчалаган жер титирөөлөр болуп жатат. Кургакчылыктан да жабыркашат.

Биз гуманитардык жардам берип жатабыз. Бирок кеткен оппозиция болобу, ичиненби, элдин колдоосуна ээ болуп, легитимдүү макамга жетишип, булар туруктуулукка барышат. Бул мүмкүнчүлүк азырынча өтө алыс, даана көрүнбөй турат.


Маектешкен: Бакыт Асанов 

Булак: «Азаттык» үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн