Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

"Ош-Стамбул" түз абакаттамы биринчи жолу Ошко келип конду

01.10.2021 12:43
2586
"Ош-Стамбул" түз абакаттамы биринчи жолу Ошко келип конду



Бүгүн, 1 -октябрда "Ош - Стамбул - Ош" жаңы түз аба каттамы ачылды. Биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн Ош эл аралык аэропорту салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Конокторду "Манас" эл аралык аэропорту "ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, "МАМ" ААКтын экономика, финансы жана бекем өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары, Ош эл аралык аэропортунуну кызматкерлери тосуп алышты. 


"Ош - Стамбул - Ош" каттамы боюнча аба транспорту Түркиянын “Pegasus” авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Жүргүнчүлөр бул аба каттамын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү пайдалана алышат, учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт. Биринчи рейс менен 130 жүргүнчү келген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн