Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Ош-аэропортунда" 20 Чек ара кызматкери чет өлкөлүктөрдөн опузалап акча алып турган

29.09.2021 16:33
1013
"Ош-аэропортунда" 20 Чек ара кызматкери чет өлкөлүктөрдөн опузалап акча алып турган

“Ош-аэропорту” көзөмөл өткөрүү пунктунан КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.


УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлгөн узак мөөнөттүү иш-чаралардын жүрүшүндө, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык иштеринин туруктуу каналы аныкталды.


Тактап айтканда, аталган көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө чет элдик жүргүнчүлөрдөн опузалап акча каражатын алып жүрүшкөндүгү аныкталды.


Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, “Ош-аэропорт” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун КР УКМК Чек ара кызматынын 20 кызматкеринин үстүнөн текшерүү иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн