Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Ош базарынын" жанында эркек кишини тепкилеген 18 жаштагы кыз кармалды

18.04.2022 16:37
478
"Ош базарынын" жанында эркек кишини тепкилеген 18 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте "Ош базарынын" жанында Кулиев көчөсүндө эркек адамды ур-токмокко алган деген шек менен 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу  Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.


Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү саат 02:59да Улуттук госпиталда денесинен жаракат алган эркек адам жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.


Милициянын ыкчам тобу чакыруу болгон жерге барган. Алдын ала маалыматтар боюнча ошол эле күнү саат 00:30дар чамасында Кулиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз аял оозеки чыр-чатактан кийин алкоголдук ичимдиктерди ичип алган 1983-жылы туулган А.Э.нын денесине жаракат келтиргени аныкталган. Бирок сабалган жаран бул боюнча милицияга арыз жазуудан баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдирди.


Ошол эле күнү милицияга 2004-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз мас абалда жеткирилген.


Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн