Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Ош" базары менен автобекеттер кайда көчүрүлөрү белгилүү болду

25.09.2023 15:18
866
"Ош" базары менен автобекеттер кайда көчүрүлөрү белгилүү болду


Бишкек мэриясы "Ош" базары менен Батыш автобекетин көчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.


Муниципалитет эки объектини тең Пригородное айылынын тышына чыгарууну пландоодо (Достук кичи районунун маңдайы).


Уезбаевдин маалыматы боюнча, иш 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатат.


Ал эми Чыгыш автобекети Алматы менен айланма жолдун кесилишине көчүрүлмөкчү (түндүк-чыгыш бөлүгү).


Буга чейин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ош" базары, Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын четине чыгарыла турганынын билдирген болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн