Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Ош" базары оорунун очогуна айланды, - тургун

26.06.2020 16:39
1722
"Ош" базары оорунун очогуна айланды, - тургун

"Ош" базары качан жабылат? Мындай суроону Бишкек шаарынын тургуну 26-июнда "ЭлТР" теле каналындагы түз эфирде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевге узатты. 


Анын айтымында, учурда базардагы ар бир экинчи сатуучу ооруп, базар оорунун очогуна айланууда. 


"Базарда иштегендердин көпчүлүгү ооруп жатат. Бирок, алар бул ооруга маани бербестен, ишке чыгууда. Алар инфекцияны башкаларга дагы таратып жатышат да. Дүйшөмбү күнү базарда дезинфекциялоо иштери жүрдү. Бирок, биз ага ыраазы болгон жокпуз, эптеп эле суу чачып кетишти. Оору ылдамдык менен жайылууда, ошон үчүн "Ош" базарын 10 күнгө жаап коюуну сунуштайм.  Дезинфекциялоо иштери дагы тиешелүү деңгээлде жүрсө дейт элем", - деди ал. 


Ал эми Мадемин Каратаев оорунун белгилерин байкаган жаран үйдөн чыкпай, өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү болушу керектигин айтты. 


"Жайкы саратанда сасык тумоо оорусунун катталуусу чанда гана кездешет. Ал 1%ды гана түзүшү мүмкүн. Бирок, адамдар коронавирустун белгилерин байкаган соң, аларга жумушка, көчөгө чыгууга сунушталбайт. Ал эми базарды дезинфекциялоо үчүн жумасына бир күн жабуу чечими кабыл алынган", - деди Каратаев. 


26-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 250 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 4204 учур болду.  

 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн