Бугу 08, 2024
Убакыт: 00:27
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

"Паникага алдырбагыла": Боронов өз убагында медициналык кызматтарга кайрылууга чакырды

01.10.2020 18:09
901
"Паникага алдырбагыла": Боронов өз убагында медициналык кызматтарга кайрылууга чакырды


Коронавирус пандемиясына байланыштуу биздин өлкөдө жалпы статистика 46 841ге жетти. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 1-октябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, коронавирус менен ооругандардын саны күн сайын өсүп жатат. 


"Жаңы учурлардын саны күндөн күнгө көбүрөөк катталып жатканын көрүп жатасыздар. Бүгүнкү сан – жалпы 172, анын ичинен коронавирус көрсөткүчү көбүрөөк болуп жатат – 112, пневмония – 60.  Бул сандарды коркутуу үчүн эмес, эпидемиологиялык кырдаал көңүлдөн тышкары калбаса экен деген ойдо берип жатабыз. Бул кырдаал бизди өтө кооптондурууда. Ошол эле мезгилде оору мындан ары да сезондуу грипп жана курч респиратордук оорулардын айынан коронавируска байланышкан эпидкырдаал күчөй турган болсо, анда баарыңыздарды паникага алдырбоого чакырам”, - деди Кубатбек Боронов. 


Өкмөт башчы жарандарды өз убагында медициналык кызматтарга кайрылууга чакырды. 


"Кайсы гана мамлекет болбосун, оорунун күчөгөн мезгилинде дары-дармектер боюнча маселе жаралган, дары-дармектердин тартыштыгы, баанын спекулятивдик көтөрүлүшү, элдин ичинде дарылардын кереги бар же жоктугуна карабастан ашыкча сатып алуулары. Бул бизде гана болгон жок, башка өлкөлөрдө дагы байкалды. Муну айтканымдын себеби, азыркы эпид кырдаалда ушул нерсени кайталанышына жол бербешибиз керек. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, сиздерден суранарыбыз – июль айындагы дүрбөлөңгө алдырбоону суранабыз! Бүгүнкү күндө ар бир фарм компанияларга дары-дармектерди үзгүлтүксүз алып келип туруусу боюнча жана кийинки алынып келе турган мүмкүнчүлүктөрү боюнча убагында маалыматтар алынып жатат. Мамлекеттик материалдык резервдер фондуда 65 аталыштагы дары-дармектин запасы даярдалып баштады”, - деп белгиледи ал. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн