Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 05:17
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

"Реформа" партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады

12.07.2021 07:46
1577
"Реформа" партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады

«РЕФОРМА» саясий партиясы үгүт учурунда жана шайлоонун күнүндө белгиленген добуш сатып алууларга жана укук бузууларга байланыштуу, 2021-жылдын 11-июлунда болгон Бишкек шаардык кеңешке болгон кайталап шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. Бул тууралуу партия шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийин билдирди.


Бул 2021-жылдын 11-июлунда болгон шайлоого кайрадан жакында ушул жылдын 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон ашкере добуш сатып алуулар жана административдик ресурстун колдонулушу кайрадан орун алды.


«РЕФОРМА» сасий партиясы БШКны жана компетенттүү органдарды бардык укук бузуу фактыларын эске алуу менен, КРдын мыйзамдарынын негизинде, объективдүү иликтөөгө жана укук бузган партияларды чечкиндүү түрдө тиешелүү жазага тартууга, ал тургай шайлоодон алып салууга, чакырат. 


Ошондуктан, биз БШКны бул шайлоонун жыйынтыгын бардык бузуулар изилденмейинче, бекемдебей турууга чакырбыз.


«РЕФОРМА» саясий партиясы Бишкек шаардык кенешке өткөрүлгөн шайлоону чынчыл, адилеттүү жана демократиялуу деген шайлоонун жалпы принциптерине жана шарттарына жооп бербейт деп эсептейт. 


«РЕФОРМА» саясий партиясы өзүнө ишеним көргөзүп добуш берген бардык шаардыктарга ыраазычылык билдирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн