Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:17
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Россия, Казакстандан колуңду тарт!": Түркиянын жаштары Никоновдун айтканына каршы акция баштады

21.12.2020 17:07
1223
"Россия, Казакстандан колуңду тарт!": Түркиянын жаштары Никоновдун айтканына каршы акция баштады


Жакында Россиянын Мамлекеттик Думасындагы “Единая Россия” фракциясынын депутаты Вячеслав Никонов “Казакстандын аймагы Россиянын берген белеги” деп интервью берген эле. Аталган маек мамлекеттик 1-каналдан жаңырган. Бул окуядан көп өтпөй эле Казакстандын тышкы иштер министрлиги өз өлкөсүндөгү Россиянын элчиси Александр Комаровду чакырып, нааразычылык нотасын тапшырган.


Учурда Түркиянын бир катар активист жаштары "Россия, Казакстандан колуңду тарт!", Казакстан жалгыз эмес”, “Ким Казакстанга каршы болсо, демек Түркияга да каршы” деген ураандар менен акция баштады. Бул иш-чара интернеттеги социалдык түйүндөрдө кулачын жайууда. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн