Украина президенти Владимир Зеленский бүгүн, 1-мартта Россия Федерациясынын делегациясы менен болгон сүйлөшүү тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, 28-февралда Беларустун Гомель облусунда Украина жана Россия Федерациясынын делегациясы Украинадагы операцияны токтотуу маселесин боюнча жолугушуу өткөргөн.
"Россия менен болгон сүйлөшүү Украина күткөндөй жыйынтык берген жок",- деди президент Зеленский.
Сүйлөшүүлөр дагы жакынкы күндөрү Беларусь-Польша чек арасында өтө турганы белгилүү болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн