Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

"Россияда мекенге кайтуу үчүн тизмеге катталуу бланкасын саткан алдамчылар пайда болду"

21.05.2020 10:50
1037
"Россияда мекенге кайтуу үчүн тизмеге катталуу бланкасын саткан алдамчылар пайда болду"


Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасына ылайык, өкмөттүн чечими боюнча Оренбург облусунан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 164 жаран кайтарылды.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, бул каттам менен ден соолугу оор болгон жарандар, майыптар, улгайган адамдар, кош бойлуу келиндер, жаш өспүрүм куракта балдары бар ата-энелер, ошондой эле Москва шаарында хостелде жашап жүргөн жеринен чыгып кеткен мекендештер келди.

Бузулук районунда калып калган кыргыз жарандарын ташып кетүү боюнча маселелерди иштеп чыгуу улантылып жатат. Элчилик жакынкы күндөрү дагы 400 мигрантты автобус менен жеткирүүнү пландап жатат.

Буга байланыштуу Элчиликтин алдындагы ыкчам штаб Оренбург тарап аркылуу кармалып, кыйынчылык абалга туш болуп калбоосу үчүн Оренбургга барууну каалаган жарандар орус-казак чек арасынан өтүүдөн үмүттөнүп туруусун эскертет.

Ошондой эле Элчилик Москва шаарындагы Добрынин метросунун жанында алдамчылар пайда болгонун, алар Элчиликтин бланкасы деп мекенге кайтууда тизмеге киргизүү үчүн бланканы сатып жатышканын эскертти. “Биздин бланка акысыз берилерин маалымдайбыз. Тизмени аныктоо Консулдуктагы бөлүмдүн жумушчу тобу жүргүзөт”, - деп билдирди Элчиликтин штабы.

Ошондой эле “Домодедово” жана “Жуковский” аэропортторунан учуу үчүн тизме түзүүлүп жатканы тууралуу социалдык түйүндөр аркылуу таратып жаткан жана чакырык салган алдамчылардын билдирүүлөрүнө ишенбөөгө чакырабыз. Эгерде чартердик каттам уюштурула турган болсо токтоосуз алдын ала айтабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам мекендештерди расмий гана маалыматтарга ишенип, Россияда көрсөтүлгөн санитардык-медициналык эрежелерди сактоого, ар ким өзүнүн саламаттыгы үчүн камкордук көрүүсү зарылдыгын эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн