Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:34
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес": Дагы бир саясий партия шайлоо жарышынан четтетилет

27.08.2020 10:37
1092
"Шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес": Дагы бир саясий партия шайлоо жарышынан четтетилет


Парламенттик шайлоого катышуудан дагы бир саясий партия четтетилет. Бул тууралуу “Медиа центр” маалымат агенттигине БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков билдирди. 


Анын айтымында, учурда «Актив» саясий партиясын четтетүү маселеси каралууда. Анткени партия БШКга каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерди өткөргөн, бирок мөөнөткө чейин (24-август) 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес. 


Ал эми саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн, тиешелүү документтер БШКга жакынкы аралыкта берилерин билдиришкен. Бул маселелер БШКнын бүгүнкү отурумунда талкууланмакчы. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн