Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:40
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Шайлообек Атазов жеңилгенин мойнуна алышы керек",- Төлөйкөн шайлоо округунун шайлоочулары (видео)

13.12.2021 17:25
1126
"Шайлообек Атазов жеңилгенин мойнуна алышы керек",- Төлөйкөн шайлоо округунун шайлоочулары (видео)

28-ноябрда өткөн шайлоо жыйынтыгына байланыштуу Төлөйкөн шайлоо округунун тургундары кайрылуу жасашты.


Алар таза шайлоо өткөргөнү үчүн президент  Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.


"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, биз сизге таза шайлоо өткөрүп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.


Биздин эл Нурбек Алимбековду тандап алды. Анын программасын, пландарын жактырып шайлады.

Шайлообек Атазовго да айтарыбыз, сиз жаш экенсиз. Күрөштө бирөө жеңет, бирөө жеңилет. Ошондуктан сиз дагы өзүңүздүн программаңызды, максаттарыңызды элге жакшы жеткирсеңиз эл кийинки жолу сизди тандап алар. Эми бизге тынчтык керек. Шайлоонун жыйынтыгын тааныш керек",- деди Шарк айылынын тургуну.



Дагы бир шайлоочу Нурбек Алимбеков буга чейин эл менен тыгыз иштешип келгенин айткан.

"Нурбек Алимбеков буга чейин депутат болуп иштегенде эл менен тыгыз, жакшы иштешип келди. Ошондуктан биз анын программасын колдоп шайладык",- дейт айыл тургуну.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн