Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Садыр Жапаров Рахмондун чек ара мамилесин чечүү ниети жок экенин айткан",- Иманкулов

21.09.2022 11:50
358
"Садыр Жапаров Рахмондун чек ара мамилесин чечүү ниети жок экенин айткан",- Иманкулов

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы апрелде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин элдин сынына кабылсам да Эмомали Рахмон менен сүйлөшөм деп Дүйшөмбүгө барган. Сүйлөшүүдөн кийин президент Рахмондон көңүлү калганын айтты. Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Улуттук телерадио корпорациясынын эфиринде билдирди.


Анын айтымында, президент апрелдеги окуядан кийин Рахмон менен жолугушуп, чек араны чечүүгө аракет кылган.


"Биздин президент ШКУнун саммитине катышып жаткан учурда чек арада ок атышуу күчөдү. Жыйындан кийин президент Эмомали Рахмон менен жолугушуп ок атышууну токтотууну сүйлөшкөн. Бирок чек арада атышуу боло берди. Демек, Рахмондон буйрук келген эмес.

Былтыркы жылы да Садыр Жапаров элдин сынына кабылсам да Рахмон менен сүйлөшүп келем деп Дүйшөмбү шаарына барган. Дээрлик 10 сааттай сүйлөшкөндөн кийин да тажик президентинин чек араны чечүү ниети жок экенин билген.

Президент "Рахмондун чек араны чечейин деген ниети жок. Аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес" деди.

Ошондон кийин биз чек арада атышуу кайра болорун түшүндүк",- деди Иманкулов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн