Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда көтөрүлгөн маселелерди түнкү саат 2де болсо да жөнөтүп турат. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бардык маселелер жеке президенттин көзөмөлүндө.
"Азыр социалдык тармактардын доору болгондуктан бардык маселелерди биз дагы соцтармак аркылуу байкап турабыз.
Биздин дагы What's App тайпабыз бар. Ал жерде элдин маселеси тууралуу маалыматтар түшүп турат.
Президент Садыр Жапаров өзү кайсы убакта болбосун социалдык тармактарда көтөрүлгөн маселелерди бизге жөнөтүп турат",- деди Акылбек Жапаров.
Пикирлер (1)