Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

"Садыр Жапаровду элдин 80 пайызы колдоп жатат" - деген ой өтө калпыс...

26.04.2021 08:47
1100
"Садыр Жапаровду  элдин 80 пайызы колдоп жатат" - деген ой өтө калпыс...


Кулакка күмүш сырга темасында...


"Президент Садыр Жапаровду  элдин 80 пайызы колдоп жатат" - деген ой өтө калпыс... Коомдо мынчалык деңгээлде колдоо  жок экендигин атайын изилдөөсү жок эле баамдаса болот.  Көчөдөгү, базардагы,  ушул эле социалдык түйүндөрдөгү  сөздөргө кулак төшөп, көз жүгүртүп коюу эле жетиштүү.  Ошондой эле  жыл башында  өткөн шайлоодо  жалпы шайлоочулардын саны 3 563 574 болсо, анын 69 пайызы шайлоого катышкан жок, катышса колдоп добуш берген жок.  Колдогондор  жалпы шайлоочулардын 31  пайызын эле түзөт, көпчүлүк эмес, колдоо азчылык. Эгерде өткөн 3 ай мезгил ичинде  бир топ адамдардын маанайы сууй түшкөнүн, а түгүл өз пикирлерин кескин өзгөрткөнүн  эсепке алганда бүгүнкү  колдоо 15 пайыздан ашпайт  деп айтууга  толук негиз бар. Мындай колдоо менен оңдү-солду саясат жүргүзүү чоң тобокелчилик экендиги айтпаса да белгилүү го дейм.  Коомдук пикирди эске албай туруп  тебелеп-тепсеп,  ураа-ураа деп уруп чыгып кетүү мүмкүн эмес. Түзүлүп турган жагдай, коомдогу кырдаал өтө опурталдуу. Илимде “туруксуз тең салмактуулук” деп айтылат мындай авал, тыйынды кырынан тургузуп койгондой. Азыр ар бир айтылган сөз орундуу, ар бир берилген убада негиздүү, ар бир жасалган кадам ишенимдүү, ар бир башталган иш орчундуу болушу шарт.


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн