Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: "Семетей" госпиталында машыгуу өткөрүлдү

26.09.2020 17:15
474
COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык: "Семетей" госпиталында машыгуу өткөрүлдү

Бүгүн, 26-сентябрда "Семетей" госпиталында коронавирус илдетин жоюу жана мындан ары жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жарандык коргонуу кызматынын башкаруу органдары менен атайын машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, машыгуунун темасы “Адамдардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары”. Аталган машыгуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун жетекчили алдында өттү. 

 Машыгуунун максаты:

1. Республиканын аймагында коронавирус илдетинин 2-толкунунун алдын алуу жана бөгөт коюу максатында Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, тиешелүү кызматтарынын иш-аракеттерин жүргүзүүнү уюштуруу, эвакуация пландарынын толуктугун жана тууралыгын аныктоо.

2. Жарандык коргонуу күч-каражаттарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин жүргүзүү жана жабыркаган жарандарды кабыл алуу, аларды жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын практикалык түрдө аткарууну уюштуруу.

3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында тиешелүү күчтөрдү жана каражаттарды колдонууну уюштуруу боюнча Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү жана аны өркүндөтүү.

4. Кемчиликтерди аныктоо, усулдук жардамдарды көргөзүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн