Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Сейтектеги" окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды

19.05.2020 14:04
989
"Сейтектеги" окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды


Кечээ, 18-майда «Сейтек» обсерваторунда болуп өткөн жагдай боюнча мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу ИИМдин өкүлдөрү Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.


Анда Нарын облусундагы учурдагы эпидемиологиялык абал, ошондой эле Нарын жана Ош шаарларындагы төрөт үйлөрүндөгү жагдай талкууланды. Төрөт үйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.


Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, ар бир оору жугузуп алуу окуясы боюнча оору менен байланышта болгон жактарды толук камтуу аркылуу сапаттуу эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Эпидемиологиялык иликтөө борбору бул багытта активдүү иш алып баруу үчүн күчтөндүрүлөт.


Ыкчам штабдын мүчөлөрү ошондой эле 21-майда ишке киргизилүүчү экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандандыруунун үчүнчү этабын ишке ашырууга сапаттуу даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн