Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:37
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Сезим" кризистик борбору: Зордукка кабылгандардын эң кичүүсү 4 жашта, эң улуусу 78 жаштагы кемпир

07.07.2022 12:51
3645
"Сезим" кризистик борбору: Зордукка кабылгандардын эң кичүүсү 4 жашта, эң улуусу 78 жаштагы кемпир


"Сезим" кризистик борбору 2021-жылы аялдарды зордуктоо боюнча козголгон 10 кылмыш ишинин жүрүшүн көзөмөлдөөдө.

"Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, зордукка кабылгандардын эң кичүүсү 4 жашта, эң улуусу 78 жаштагы кемпир.

Жактоочу Ракия Рахматова кризистик борбордо күйөөсүнөн катуу токмок жеген аял бар экенин белгиледи.

"Аял балдары менен күйөөсүн таштап кетүүнү чечкен. Бирок күйөөсү аны жана балдарын тоого алып чыгып, аларды жана өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Аял ага кайра кайрылып келген, бирок 8 айдан кийин аны катуу сабап салган", — деди Ракия Рахматова.

Жактоочу Тилек Токтакунов 2016-жылдын 8-август күнү Аламүдүн районунун Арашан айылында 78 жаштагы кемпир зордукталганын айтат.

“Аламүдүн районунун соту тарабынан айыпкер денеге анча эмес залал келтирүү жана зордуктоо боюнча күнөлүү деп табылган. Бирок айыпкер даттанып, прокуратура ишти кайра артка кайтарып алган. Себиби ал ошол кезде инфекциялык оорулар менен ооруп калган. Иш ушул күнгө чейин бүтө элек жана үч жолу кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ушул жылдын апрель айында иш кайра жанданган. Ага карабастан тергөө амалдары жүргөн жок”, - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн