Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу Шүкүров көчөсүндөгү муниципалитеттин аймагына чыгып кеткен дубалдарды сүрдүрүүдө.
Аталган көчөдө Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдин үйү жайгашкан. Анын дубалы да тротуар салына турган жерге 2,5 метр чыгып кеткен. Мындан улам депутаттын дубалы да сүрдүрүлдү.
Буга чейин Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат вице-мэр Нурдан Орунтаевге аталган көчөдөгү дубалдардын алынышы тууралуу маалымат талап кылган.
Пикирлер (4)