Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Сиздин айтканыңыз боло береби?" Жогорку Кеңеште Шакиев менен Мадумаров кайым айтышты

03.05.2023 10:50
539
"Сиздин айтканыңыз боло береби?" Жогорку Кеңеште Шакиев менен Мадумаров кайым айтышты

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев менен "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун ортосунда кайым айтышуу болду.


Депутаттардын кайым айтышуусуна акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу сунушу себеп болду.


Мадумаров акыйкатчыны кызматтан алуу процесси мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын билдирип: "Биз мыйзам чыгарган эң жогорку органбыз. Биз мыйзамды сактабасак кимден талап кылабыз. 

Бир фракциянын сунушу менен Конституциялык кызматтагы адамды кызматтан алып жатабыз.

Мени жеңесиңер аны билем. Силер көпчүлүксүңөр аны да билем. Бирок мен мыйзамды талап кылып жатам",- деди.


Ал эми төрага Нурланбек Шакиев Адахан Мадумаровду сабырдуулукка чакырып: "Адахан Кимсанбаевич, баары эле сиз каалагандай боло береби? Эч ким сизге тоскоолдук кылган жок. Каалаганча өз пикириңизди билдирип жатасыз. Сиз каршы болсоңуз баары каршы болуш керекпи? Сиз каршы болсоңуз "каршы" деп добуш бериңиз",- деди төрага.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн