Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:37
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Скай Мобайл" компаниясы мамлекетке 112 млн сом зыян келтирген

01.03.2021 13:09
602
"Скай Мобайл" компаниясы мамлекетке 112 млн сом зыян келтирген

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы "Скай Мобайл" ЖЧКсынын (Beeline уюлдук оператору) салык төлөөдөн баш тартуу ишин иликтөөдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Финпол  тарабынан салыктык текшерүүлөр дайындалган, ага ылайык, "Скай Мобайл" ЖЧКсы тарабынан резидент эместердин кирешелерине салынган салыкты өзгөчө ири өлчөмдө төмөндөтүү фактысы  (112 миллион сом) аныкталды.


Ошондой эле, 11-февралда тергөө иштеринин жүрүшүндө Финансы полициясы "Скай Мобайл" ЖЧК тарабынан мамлекеттик бюджетке келтирилген 112 миллион 103 миң 243 сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтургандыгы маалымдалды, деп билдирди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн