Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редакторунун м.а. кеңседе сабалды (Видео)

24.02.2021 08:27
657
"Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редакторунун м.а. кеңседе сабалды (Видео)

"Слово Кыргызстана" гезитинин кеңсесинде  башкы редактордун милдетин аткаруучуга  башка кызматкер бычак менен кол салды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине гезиттин кызматкери Жанна Каримова билдирди.


Анын айтымында, коммерциялык директор Уматкүл Бралкеева саат 16.30да мас болуп редакцияга келип, Кифаят Аскерованы сабаган.


Редакция имараты канга боёлгон, компьютерлер бузулган. Уматкүл Бралкеева башкы редактордун милдетин аткаруучу Аскеровага бычак менен кол салып, анын кулагын тиштеди. Ал Кифаят Аскерованын кызматтан кетишин талап кылган. Учурда жабырлануучу оор абалда травматология бөлүмүндө жатат.


Жанна Каримова кол салган адам буга чейин кылмыш иштери боюнча эки жолу соттолгонун жана мындай окуя редакцияда биринчи жолу болуп жаткан жок деп кошумчалады.


Эске салсак, Кифаят Аскерова  Курманбек Мамбетовдун кетишине байланыштуу башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.


Бишкек ШИИББда   102ге чалуу саат 16.30да келип түшкөнүн билдиришти. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу аталган жерге жөнөп кетишкен. Азыр иш жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы кийинчерээк берилери убада кылынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн