Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Слово Кыргызстана" гезитинин жамааты иш таштоого даяр

05.01.2021 16:16
766
"Слово Кыргызстана" гезитинин жамааты иш таштоого даяр


"Слово Кыргызстана" гезитинин жамааты жаңы жетекчи менен иштешүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аида Ширинова билдирген.


Эске салсак, мурдагы  Башкы редактор Тамара Слащева премьер-министрдин милдетин аткаруучу Новиковдун буйругу менен кызматынан бошотулган.


"Мындай чечимдин кабыл алышына аброю жок, чуулгандуу аялдын жалаа жаап, жалган айыптоосу себеп болду. Көп жылдар  бою иштеген, тажрыйбалуу жетекчини гезиттин жамаатында болбогон алдамчынын өтүнүчү менен кызматтан алышты. Гезитте иштеген адамдардан Слащева тууралуу сурашкан да жок", - дейт Аида Ширинова.


Буга байланыштуу гезиттин кызматкерлери  Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдон кырдаалды жөнгө салып, басылманын кызматкерлерин угуп, мурунку жетекчиси Тамара Слащеваны кайтарып берүүнү суранат.


Ал ошондой эле коллектив гезиттин башкы редакторунун кызматтан алынышынын себептерин түшүнбөй жаткандыгын кошумчалады. "Шайлоо алдында башчынын алмашуусу гезиттин ушундай чечүүчү мезгилдеги ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгерде Тамара Слащева кызмат ордуна кайтарылбаса, коллектив иш таштоого даяр ", - деп жыйынтыктады байкоочу Аида Ширинова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн