Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 04:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

"Социалдык контракт": Эмгек министрлиги үй-бүлөлөргө 200 миң сомдон ссуда берүүнү пландаштырууда

13.05.2024 11:23
195
"Социалдык контракт": Эмгек министрлиги үй-бүлөлөргө 200 миң сомдон ссуда берүүнү пландаштырууда


"Социалдык контракт" программасынын катышуучуларына кошумча 200 миң сом берүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, акча насыя катары жана долбоорлорун ишке ашырууда ийгиликке жетишкен үй-бүлөлөргө гана берилет.


«Биз 100 миң сомдон баштаганбыз. Бул акча менен ишмердүүлүгүндө ийгиликтерге жетишкен үй-бүлөлөр бар, аларга кошумча 200 миң сом ссуда катары беребиз. Пайыздык үстөктү мамлекет төлөйт. Учурда эки банк менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, министрлер кабинетинин долбоору даярдалууда», — деди Жылдыз Полотова.


Ал кошумчалагандай, насыя үстөксүз негизде берилет. Үч жылдын ичинде “Социалдык контракттын” катышуучулары аны төлөп бериши керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн