- Мамлекеттик ишкана, мекемелердин сатылышына оюңуз кандай? Стратегиялык байлыктардын жеке менчикке өтүшү кооптондурбайбы?
Кубатбек Кожоналиев,
коомдук ишмер:
- Бул маселеде жалаң экономикалык гана эмес, коопсуздук жана саясый жагдайларды камтыган шарттар бар. Мисалы, стратегиялык объектилер: алсак энергетика, унаа, инфраструктура, суу чарбачылыгы мамлекеттик көз карандысыздыгына жана коопсуздугуна түздөн-түз таасир берген объектилер. Буларды мамлекет өз колунан чыгарбашы керек. Ошону менен бирге мамменчикте калган кээ бир дотацияда отурган ишкана-өндүрүштөр бар. Алардын ишмердүүлүгүн байкап, эффективдүүлүгүнө, келечегине жараша мамлекет кылдат мамиле жасаш керек. “Бөрк ал десе баш кескен” дегендей жагдайларга жол бербөө кажет. Эгемендик алган жылдары приватташтыруу шарданы менен канчалаган объектилер итбекер менчикке берилип кеткенин унутпаган оң.
Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:
- Бул демилгени жакшылап таразалап, “жети өлчөп бир кесип” дегендей, кесипкөй эксперттердин тилин угуп, башка да адистер менен кеңешип, ишке ашырганда гана жакшы натыйжасын берет. Эгер рейдерлик жол менен мамлекеттик мүлккө кол салып, мурунку бийликтин жасаганын кайталай турган болсо, анда коомчулукта нааразычылыктар пайда болот. Менчиктештирүү иш-чарасы коомдо ачык болуш керек. Эч бир күмөндүү жагдайларды болтурбоо жагына өкмөт, бийлик өзү мисал болуп бергени кажет. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” эмеспи. Бу жерде тааныш-билиш, ага-тууган, жек-жаат маселеси өтпөйбү?..
Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер:
- Мамлекеттик ишканалардын жеке менчикке өтүшү, сатылышы баюнча бир кооптуу маселеге токтолоюн. Ал энергетика тармагы. Эгер энергетиканы биз жеке мекчикке саткан күндө, энергия жаратып аткан суу да менчикке өтүп кетет. Анан сууну биз коңшу мамлекеттерге кандай шартта берип калабыз? Алар сугат маселесин кантет? Мындайча айтканда, эки өлкөнүн стратегиясы, экономикалык абалына доо кетпесине ким кепилдик берет? Анысы ал, энергетика менчикке өткөн күндүн эртеси энергия мындан ары кымбаттабай калабы? Ким айта алат? Мына ушундай талуу маселелер энергетика системасында бар. Энергетика системасын, энергетиканы жалпы менчиктештирүү алдында жети эле эмес жетимиш жолу өлчөп, анан кесишибиз керек. Ансыз деле кээ бирлери түшүнүп-түшүнбөй эле “энергиянын тарифин жогорулатабыз” деп айтып атышат. А карапайым элди ойлогон жан барбы?
Клара Ажибекова, коомдук ишмер:
- Мен коммунистмин. Эгемен алган күндөн баштап жеке менчик эмне экенин, баарын аягына чейин көрдүк. Теңирден тескери кеттик. Эмне деген завод-фабрикалар бар эле?! Алардын баарын жеке менчикке сатып, аны алган адамдар эч бирөөсүн да иштете алышкан жок. Болсо да өтө аз. Ошол эле завод-фабрикаларда бир учурда 10-15 миңден кем эмес жумушчулар бар эле. А азыр болсо жумушсуздук күч алып турган учур. Президент энергетика тармагын баса белгиледи. Укканда эле чалкаман кеттим. СССР тушундагыдай энергетика системасы азыр жок. ГЭС өзүнчө, көмөк чордондор өзүнчө, энергия өндүргөндөр өзүнчө. Аны элге сатып аткан ортомчу компанияларчы? Баанын баарын ошолор көтөрүп жатышат. Президент эгер энергия тармагында реформа жасагысы келсе, анда мамлекеттик бир өңчөй энергия системага апкелиш керек. Ортомчу компаниялардын баарын жоюп салган эле оң. Булар элдин канын соруп аткандар.
Азиза Абрасулова, укук коргоочу:
- Мамлекеттик мекемени же ишкананы менчиктештирүүдө саясаттырбашыбыз керек. Кыргызстанда көп нерсени саясат менен чечип калганбыз. Стратегиялык мааниси бар Кумтөр сыяктанган ишкананы жеке менчикке өткөзүү жеөткөзбөөнү саясатчылар эмес, укук коргоочулар эмес ж.б. эмес, экономисттер, ошол чөйрөдөгү көзү каныккан адистер айтыш керек, “менчикке саткан жакшы же жаман” деп. Алдын ала канча тонна алтын калды, эгер менчикке берсек алар иштете алабы же жокпу? Ушундай маселелер бар экенин унутпаган оң. Өз учурунда биз канчалаган завод-фабрикаларды жеке менчикке бердик эле: “Ленин” заводу, комволдук нооту комбинаты, “Сельмаш”, “Фрунзе”, “Автомаш”, дагы-дагы толуп жаткан завод-фабрикаларды бердик, анан эмне болду? Ал жагын да көрдүк. Эми ушундай нерселерди кайталабашыбыз керек. Алыс кетпейли, Американын Ганси авиабазасын чыгарып атканда эмне болдук эле? Асманга тебетейибизди ыргыта сүйүнбөдүк беле? Алар жылына 60 миллион чамасында доллар бюджетке акча төгүп турчу. Чоң эле тыгынчык эмес беле?.. Анан саясат кылдык. Акыр аягы баарыбызга белгилүү...
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн