Буга
чейин интернет желесине жогорку окуу жайлардын биринин мугалиминин студенттери
менен позитивдүү маанайда тарткан видеосу жайылган. Видео популярдуу болгон
Тикток тиркемесине жүктөлүп, көпчүлүк интернет колдонуучулардын жылуу
пикирлерине татыган.
Ошол видеодогу мугалим Кыргызстан эл аралык университетинде эмгектенген Табылды Акеров. Агай менен анын жалпыга тараган видеосу жана иши тууралуу маекти сунуштайбыз.
"Аталган университеттин 1-2-курсунун студенттерине тарых, саясат таануу, манас таануудан сабак берем. Биринчи курстун студенттери дайыма эле өз ойлорун так айта албайт. Мугалимден сүрдөп, бир аз тартынчаак болушат. Айрымдары коркушат. Сынак алып жатканда колдору калтырап, эмне айтарын билбей калгандарын байкачумун. Биз деле окуп жүргөндө мугалимден өтө коркчу элек. Ошондон улам студенттердин коркуу сезими жок болушу үчүн ар дайым аларга жакын мамиледе болууга аракет кылам. Мисалы, жыл сайын жазында жана күзүндө Бурана же башка тарыхый жерлерге экскурсияга барып келебиз. Мен окуткан студенттердин баары барат. Кээде 16 кичи автобус менен барган күндөр болду. Бурананы көрүп бүткөндөн кийин Кегетидеги шаркыратмага барып, бир күн эс алып, кечинде кайтып келебиз. Бирок ошол эле учурда студенттерди өтө катуу кармайм. Менин сабактарымдан калышпайт. Сабакка дайыма жакшы даярданып келишет, жакшы окушат".
Студенттеринин сунушу менен ТикТок тиркемесинен баракча ачканын айткан агай социалдык тармактын активдүү колдонуучусу экенин жашырган жок.
"Мурда Инстаграмга студенттер менен биргеликте ар кандай видеолорду жасап жүктөчүбүз. Көбү университеттеги студенттердин жашоосу, окуусу жөнүндө баяндар. Бул жолу студенттер "ТикТоктон баракча ачыңыз, ошол жакка видеолорубузду салалы" деп калышты. Макул болуп баракча ачтык. Чын эле аябай эффективдүү болот экен. Алгачкы эки видеобуздун бири 600 миңден, экинчиси 700 миңден ашык көрүүчү топтоп, 205 миң "жакты" белгиси басылды. Бирине 2971 пикир калтырышты. Баары позитивдүү. Менин баракчама 5640 адам жазылды. Мындай реакцияны өзүм да күткөн эмесмин. Эгер студенттерим кааласа, анда баракчабызды өнүктүрүүнү улантабыз".
Окутуучу студенттери менен тыгыз иштешип, алардын замандын талабы менен кошо өсүшүн каалайт.
"Мен 1-курстарга сабак бергендиктен аларды дайыма мезгилдин талабына ылайык өссүн деп Фейсбук, Инстаграм тиркемелеринен баракча ачууну кеңеш кылам. Ар биринин электрондук почтасы болуусун талап кылам. Анткени баары эле буларды колдоно бербейт, жасай бербейт. Ошол эле учурда алар дагы мага жаңы идеяларды сунуштап турушат. Эң алдыңкы студенттер дайыма идеяга бай болушат.
Биздин университетте студенттердин ар бирине өзгөчө мамиле кылынат. Ар бирин талдап, студенттин жөндөмүнө жараша талантын ачууга аракет жасалат. Эң негизги максат - ал окууну бүткөндө турмуштан ордун таап кетүүсүнө шарт түзүү".
Табылды Акеров 2008-жылдан бери аталган окуу жайда сабак берип келет. Ал мугалим болгонго чейин мамлекеттик кызматта да иштеген.
"Мен жаңы келгенде мугалим боло аламбы деп ойлочумун. Университеттен өтө тажрыйбалуу мугалимдерди көрдүм. Анан мен да өзүмдүн жолумду таап, сабак берип кеттим.
Ага чейин 8 жылдай Улуттук илимдер академиясында экономика жана политология институтунда илимий кызматкер болуп иштедим. Андан кийин өкмөттүк аппаратка сынактык негизде ишке орношуп, ал жакта да 8 жылдай эмгектендим.
2008-жылы кайра илимге кайтып келдим. Кыргызстан эл аралык институтунда Этнология институту ачылыптыр, ошол институтка директор болуп бардым. Анан орто кылымдагы көчмөндөрдүн тарыхы боюнча кандидаттыгымды жактадым. Азыр докторлугумду коргоо алдында турам. Бул жылдар аралыгында беш китеп жаздым. 16-кылымда жашаган жердешибиз С.Ахсикединин "Маджму ат-Таварих" деген китебин орусча которуп жарыяладым. Акыркы китебим "Усуни - кыргызы. Кыргызы на просторах Евразии" деп аталат. Бул китепте тяньшань кыргыздары, энесай кыргыздарынын тукумдары экендигин далилдеп берүүгө аракет кылдым".
Табылды Акеров серепчи катары да таанымал. Анын жубайы филология илимдеринин кандидаты. 2 уул, бир кыздын атасы.
Белгилей кетсек, эртең, 5-октябрь - Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргыз өлкөсүндө бул майрамды дал ушул күнү белгилөөгө 2014-жылы кол коюлган.
Булак: super.kg
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн