Афганистандын учурдагы бийлиги "Талибан" кыймылы аялдардын өз алдынча учуусуна тыюу салды. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы билдирди.
Маалым болгондой, мындан ары Афганистандагы аялдар эркек коштоочу менен гана уча алат. Мындай чечим өлкөнүн ички каттамдарына, ошондой эле эл аралык каттамдарга тиешелүү.
Аялдын жанында коштоп жүрүүчү эркек анын шарият боюнча никеге турууга мүмкүн болбогон жакын тууганы болууга тийиш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн