Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

"Талибанга" каршы Панжшердин 6 жетекчиси өлтүрүлдү

06.09.2021 07:28
1043
"Талибанга" каршы Панжшердин 6 жетекчиси өлтүрүлдү

Ооганстанда талибандардын карамагына өтпөгөн Панжшер провинциясында Ахмад Масуд менен чогуу талибандарга каршы күрөшкөн бир нече офицерлер өлтүрүлдү. Бул тууралуу "Спутник Ооганстан" билдирди.


Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы Панжшердин көпчүлүк бөлүгүн алган.


Белгилүү болгондой, Гүл Хайдар Хан, Муниб Амири, Абдул-Вадуд Зара жана Фахим Дашти каза болгон. Ошондой эле, Салех Мохаммад Ригестани жана командир Кари Фасихуддиндин өлгөнү кабарланды.


Мындан сырткары, Панжшердин башчысы Ахмад Масуд жашынганы, Амрулла Салех Тажикстанга качканы белгилүү болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн