Ооганстанда "Талибан" кыймылы Америка Кошмо Штаттарына эскертүү берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка караганда, эскертүүдө талибандар АКШны Ооганстандын ички саясатына кийлигишпөөгө чакырган.
Бул эскертүү америкалык B-52H учагы тарабынан Жовзжан провинциясынын борбору Шибаргандагы талибдердин позициясына жасаган чабуулунун натыйжасында 200 талиб өлтүрүлгөндөн кийин жасалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн