"Талибан" кыймылы Тажикстан менен чек арада абал коопсуз болоорун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, кыймыл Тажикстан менен чектеш аймакты басып алуу планы жок.
Өз кезегинде Тажикстан Ооганстан менен чек арасын запастагы аскерлер менен бекемдеп жатат.
Кыймылдын өкүлү ошондой эле июль айынын аягына чейин Кабулдагы бийликке тынчтык сунушун жазуу жүзүндө берүүгө даяр экендигин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн