Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:32
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

"Талибан" кыймылы аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салды

26.12.2022 09:39
889
"Талибан" кыймылы аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салды

Афганистандын учурдагы бийлиги "Талибан" кыймылы өлкөдөгү бардык аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салган буйрук чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.


Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрук Экономика министрлиги тарабынан бекитилген.

Ошондой эле министрлик өлкөдөгү бардык бейөкмөт уюмдарга аялдарды жумушка албоо тууралуу билдирүү жөнөткөн.


Афганистанда буга чейин жогорку окуу жайларда кыздардын билим алуусуна тыюу салынган. Мындан улам, студент кыздар нааразылык акцияларын улантууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн