Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Талибан" кыймылы уламдан-улам Тажикстан менен чектеш жерлерди басып алууда

28.06.2021 09:28
1217
"Талибан" кыймылы уламдан-улам Тажикстан менен чектеш жерлерди басып алууда

Тажик бийлиги 27-июнь күнү кечке жуук өкмөттүк күчтөргө караштуу дагы 17 ооган аскери артка чегинип, чек арадан өтүп келгенин жарыялады.


«Озоди» радиосу Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берип жазгандай, Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен качып келген.


“Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.


22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген. Азыр алар каякта турганы белгисиз.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн