Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Таза Конок" ишканасынын жетекчиси документтерди жасалмалоого шектелип кармалды

23.01.2024 10:26
174
"Таза Конок" ишканасынын жетекчиси документтерди жасалмалоого шектелип кармалды


"Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э. кармалды. Ал башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

КР УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, "Таза Конок" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Э., ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Э.Т. тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды.

Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды.

2024-жылдын 17-январында КР УКМК тарабынан Т.Э. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Т.Э. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн