Султан Алыбаев "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жаңы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев митингге чыккан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлердин маселеси мыйзам чегинде чечилет.
Ал эми жаңы дайындалган Султан Алыбаев Орозо айынын соңуна чейин мезгил берүүнү бул учурда ал бардык маселелерди жөнгө салууну убада кылды.
Султан Алыбаев УКМКнын мурдагы кызматкери экени айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн